"Барселона" менен көп ийгиликтерге жеткен Луис Энрике эми Испания курамасын машыктырат

"Барселона" футболдук клубунун мурдагы машыктыруучусу Луис Энрике эми Испания курамасын жетектейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Испаниянын футбол боюнча федерациясынын директорлор кеңеши бир добуштан бул чечимди колдошту. Федерация Луис Энрике менен 2 жылдык келишим түздү.

Буга чейин 2016-жылы өткөн Европа биринчилигинде жеңилүү ызасын тарткан соң башкы машыктыруучу кызматына Хулен Лопетеги келген. Лопетегинин баштоосунда Испания курама командасы 2 жылдан бери жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес. Бирок Дүйнө биринчилигине 1 күн калганда Лопетеги жумушунан кеткен. Буга анын “Реал Мадрид” командасын келерки сезондон баштап машыктыруусу себеп болгон. Анын мындай кадамга барганы Испан футбол федерациясына жаккан эмес. Испания курамасынын башында Лопетегинин ордуна Фернандо Йерро келген. Йерро Испанияны тайпалык баскычтан чыгара алган, бирок курама жарым чейрек финалда Орусиядан утулуп калган.

Айта кетсек, Луис Энрике "Барселонаны" 2014-2017-жылдары машыктырып, Испания биринчилигин 2 жолу, Испания кубогун 3 жолу, Чемпиондор Лигасын, УЕФА Суперкубогун жана Клубдар аралык дүйнө биринчилигин уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nemo2016
2018-07-09 20:33:42
Аа жакшы ийгилик Энрикеге
0
Goool
2018-07-10 01:29:43
Барсаман красавчик))
-1
Goool
2018-07-10 01:35:50
Давно бы уже
-1
Modric10
2018-07-10 04:09:22
улуу клубдарга барабы деген элем. ийгилик кучтуу тренерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан