Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 10:00дөр чамасында болгон.
"Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чоң Чүй каналы өткөн жеринде жол кырсыгы катталган. Анда 3 автоунаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Азыркы тапта окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди", - деп билдирди маалымат кызматы.
Кырсыктын айынан Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаалар кагышкан аймактан тартып Фрунзе көчөсүнө чейин унаа тыгыны пайда болгон.