"EREM" командасы волейбол боюнча Өлкө чемпиондугун 2-ирет катары менен жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, 5-9-июль аралыгында Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 3-туру орун алып, мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда 3 турдун жыйынтыгында 36 упай топтогонго жетишкен "EREM" командасы 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунда 29 упай менен "Жаңы-Муун" командасы жайгашса, 3-орунга 22 упай топтогон "Салам-Алик" командасы жазылды.
Мындан сырткары мелдештин мыкты оюнчулары дагы аныкталды. Өлкө чемпиондугунун мыкты оюнчулары Өмүр Жунусов (EREM), Жанболот Талантбеков ("Жаңы-Муун") жана Урмат Капар уулу ("Салам-Алик") болду.