Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун соңуна чыгууга аз эле калды. Азыркы тапта 32 командадан 4 курама гана калып, алар эми жарым финалда күч сынашмакчы.
Чейрек финалдын жыйынтыгында жарым финалга Бельгия, Франция, Англия жана Хорватия курама командалары өттү. Аталган командалар буга чейинки этаптарда өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп каршылаштарын жеңип, эми финалга чыгуу үчүн күч сынашат.
Жарым финалдын алгачкы беттешинде Бельгия менен Франция курамаларынын оюну орун алат. Бул беттеш "Санкт-Петербург" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 11-июлга караган түнү саат 00:00дө старт алат.
Ал эми жарым финалдын 2-беттешинде Англия менен Хорватия командалары кез келип, Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда күч сынашат. Бул беттеш 12-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө орун алат.