Бажы кызматынын бир нече кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Мамлекеттик бажы кызматынын бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Борбордук бажы жана Түндүк-Чыгыш бажы бөлүмүнүн кызматкерлерине 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен иш козголду.

"Тергөө учурунда ушул жылдын май, июнь айына чейин аталган эки бөлүмдүн кызматкерлери “K.G.” жана “L.G.” ЖЧКлары менен сүйлөшүү жолу аркылуу жасалма квитанция жасашып, бажы төлөмдөрүн жашырып жүрүшкөнү аныкталган. Башкача айтканда, Кытайдан ташып келинген товарлар үчүн алынган 18 миллион сом мамлекеттин бюджетине түшкөн эмес. Учурда бул фактыны УКМК иликтөөгө алды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erlan2196
2018-07-10 14:55:00
Раим миллион качан камалат. Жээнбеков ал жонундо ун катпайт го.
+7
talaa11
2018-07-10 15:50:09
Раим милионду камабаса коррупция менен курошкону жалган
+5
nazarKGZ
2018-07-10 15:53:30
Куздо курултай отсо иштей албаса Ажо ордун бошотуш керек жылда элдин алдына чыгып кылган иши туралы очот бериш керек иштебесе кетиш керек уже 1жыл болуп калды эчнерсе кыла элек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан