Биз социалдык тармакта

Таласта 15 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болду

Талас облусунда 15 жаштагы өспүрүм кыз көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүндө болгон.

"Бүгүн, 10-июль күнү саат 12:30 чамасында Нылды көлүнө 2003-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Жеринде издөөгө ӨКМнын Талас шаардык №17-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aibars
2018-07-10 15:23:05
Ээхх кырчындай жаш кете берди, жанын бейиштен орун алып, жараткандын меериминде бол.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан