Япониядагы селден жана суу ташкынынан каза болгондордун саны 141ге жетти

Япониядагы селден жана суу ташкынынан каза болгондордун саны 141ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Японияда “Прапирун” тайфунунан кийин катуу жааган жамгыр менен суу ташкынынан каза болгондордун саны 141ге жетти. Бийлик өкүлдөрүнүн билдиргенине ылайык, өзгөчө кырдаал катталган 4 күндөн кийин дайынсыз жоголгон адамдарды тирүү табуу мүмкүнчүлүгү азайды.

Каза болгондордун көбү Хиросима менен Эхиме аймагынын жашоочулары болгон. Куткаруучулар аталган аймактардан 2 миңге жакын адамды куткарып үлгүргөн. 70 миңден ашык полиция, өрт өчүрүү, тартип сактоо кызматкерлери жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюш үчүн тартылган.

Синоптиктердин маалыматына караганда, алдыдагы күндөрдө өлкөнүн түштүк-батыш жана борбордук бөлүктөрүндө жаан жаашы күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу дагы суу ташкыны жана сел жүрүү коркунучу бар экени айтылат.

Айта кетсек, Японияда “Прапирун” тайфуну июль айынын башында башталган. Шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 50 метрге чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан