Кыргыз жерине дарбыздарды мыйзамсыз алып өтүп жаткан Тажикстандын жарандары колго түштү

Кыргыз жерине дарбыздарды мыйзамсыз алып өтүп жаткан Тажикстандын жарандары колго түштү. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Кыргыз-Тажик чек арасынан контрабандалык жүктү кармашкан. Маалым болгондой, Тажикстандын эки жараны көзөмөл-өткөрүү пунктунан сырткары жерден жүк ташуучу унаа менен 4,5 тонна дарбызды алып кирүүгө аракет кылышкан. Ошол эле учурда Тажикстандын жарандарынын жүккө карата тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Андан ары териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн кармалгандар жүгү менен кошо тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Artyr1994
2018-07-11 08:40:45
Кармаш керек 1 кундо коптогон контрабанда кирет. Булар доля чыгарбай койгон го сыягы.
Ал дарбызды анан бизди алдап сатып жатат, шамал-сайдын дарбызы деп Таж-стандын дарбыздары баары эле химикат экен.
+1
Anhel
2018-07-11 08:54:55
Канчалаган мыйзамсыз жуктор отуп жатат. Келип келип эч кимге зыяны жок дарбызды кармап алышыптвр да эми...
-2
monster_high_98
2018-07-11 09:33:20
биз жакта дарбыз 10 сомдон болуп кетти эле,жакшы эле ойлодум эле озу дарбызды аз эгилсе,кымбаттабай эле арзандадыгоо деп,корсо озулору жебеген химикатты бизге жиберип жаткан турбайбы
+2
Erik.kainashov.kg
2018-07-11 10:00:47
Интернеттен ар нерсени коруп алып химикат дейсинер. Озунордун жашоонор химикатка толо окшойт. Химикат болсо жебегиле. Дыйкандар деле аны жон жерден жасап сатып аткан жок. Канчалаган кыйынчылык мээнеттин арты менен бизге жеткирип берип атышат
+1
aida007
2018-07-11 10:18:57
Алар деле Уй-булосун багам деп жататда Аны кыргыздар алып сатат анын эмнеси бар экен ? Ушул да жанылыкпы Эми бангизат мн кармагыла андан Коро кундо канчалаган отуп жт акчасын алып откоруп жибертшет
+1
titanik32
2018-07-11 11:24:01
Булар доля бербей койгондор,болбосо мен өзүм барып дарбыз алып келдим Тажиктердин бизге чектеш Лаккан айылынан.Ортодо чек арада бир аз арык эле болбосо жетимдер кирип чыгып жатышат.Ортого жыгач көпүрө коюп коюшкан экен.Мен да Тажик тарапка Лаккон айылына өтүп кирип чыгып эле жүрдүм.Чек арадакы ар бир бир Кыргыздын үйү өзүнчө эле торговый база болуп калган экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан