Бишкек ШИИББи: "Жарандарды тоноого шектелген милиция кызматкерлеринин бири камакка алынды"

Бизди талаага алып барып сабап, 10 миң сомубузду тартып алган милиция кызматкерлеринин бири кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 11-июлда жабырлануучулардын бири Болот Болотбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Жабырлануучу өз сөзүндө аларды тоногон тартип сакчылары Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери болгонун айтты.

"Мага 7-июль күнү милиция кызматкерлери байланышып, бизди тоноого шектелип жаткан тартип сакчыларынын биринин сүрөтүн жиберишти. Мен дароо тааныдым. №1-шаардык милиция бөлүмүнөн аны менен беттештиришкенде ал 23-июндан 24-июнга караган түнү бизди тоногонун моюнуна алды. Ал күнү бизди тоногондордун экинчиси кармала элек болчу, учурда ал да кармалыптыр. Бирок мен алар тартып алган 10 миң сомумду кайтарып ала албай жатам. Менин атыма которулган акчаны 23-июнь күнү алганым тууралуу банктан тастыктама кат да алып бардым, бирок жыйынтык жок. Милиция кызматкерлери болсо алып беребиз деген, алардан да дайын жок", - деди жабырлануучу Болот Болотбеков.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморовго кайрылганда, ал жабырлануучуларды тоноду делген тартип сакчылардын бири гана кармалганын айтып, учурда ал №1-СИЗОго камалганын билдирди.

"Тоноого шектелгендердин бирөө убактылуу кармоочу жайга камалды, экинчиси издөөдө. Азыркы тапта иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле жетекчилердин да жоопкерчилиги каралууда. Азырынча бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тоноого шектелгендер Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери болгон. Алар кызматтан бошотулган деген да маалымат бар. Учурда алар кайсы убакта кызматтан бошотулганы иликтенип жатат. Тергөө амалдары аяктаган соң толук маалымат берилет", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, өткөн айдын аягында "Милиция формасын кийген кишилер талаага алып барып сабап, 10 миң сомубузду тартып алды" деп жабырлануучулар Болот Болотбеков жана Афтандил Мурзабек уулу SUPER.KG порталына кайрылышкан. Ал эми Бишкек ШИИББи жабырлануучулардын арызы катталганын айтып, келип түшкөн материалдардын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришкен.

Айта кетсек, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлери тууралуу чыккан маалыматтар боюнча, ар бир кызматкер өзү жооп бериши зарыл экенин айтып, жооп бербесе, чара көрүлө тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2018-07-11 20:38:10
Эн биринчи бандиттер ушул милициялар
+3
taalay25
2018-07-11 23:17:27
Кулиевадагы сойкуканаларды ППСин менен сойкуларын бизнес центр кылып алганы да))). Ичине кирген клиентти сойку какса калтасын чыккандан кийин андып турган ментерин кагат калтасын)). Менттерге сойку менен кошо кошумча булак табылды))
+1
Aikaaaa
2018-07-12 21:43:48
Кыргыздарда да ушундай фамилия, аты бар экен ээ, Болот Болотбеков деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан