Чүй облусунда ала качуу фактысы катталып, шектүү катары 23 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Жайыл РИИБине 44 жаштагы Степное айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 23 жаштагы жигит 6-июль күнү 15 жаштагы кызын белгисиз автоунаа менен ала качып кеткенин айткан. Келип түшкөн маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу кызды кайсы жерге ала качып кеткенин аныкташкан.
"Бул окуя боюнча Жайыл РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо), 154-беренеси (17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 23 жаштагы Ш.У. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.