Токтогул районунда жол кырсыгы катталып эки адам каза болду. Кырсык 10-июль күнү саат 15:40 чамасында болгонун SUPER.KG'ге Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Айбек Сатыбалдиев кабарлады. Анын айтымында, 1954-жылы туулган С.С. аттуу айдоочу Лексус RX-400 үлгүсүндөгү унаасын башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаа ичинде бараткан 1958-жылы туулган Г.С. аттуу жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болсо, 2009-жылы туулган Ф.Б. аттуу бала кырсык болгон жерде каза болгон. Ал эми Бишкек шаарынын 35 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну 11 жаштагы кызы экөө жаракат алып, Токтогул райондук ооруканага жиберилишкен.