Бишкек-Торугарт унаа жолунда жүк ташыган эки унаа кагышып, бири өрттөнүп кетти

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жүк ташыган унаалар кагышып, бири өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-июлда саат 08:00 чамасында катталган.

"Вольво жана Ман үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен Вольво унаасы күйүп кеткен. Бактыга жараша, адамдар жаракат алган жок. Окуя болгон жерде Кочкор райондук Жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери иш алып барууда. Иликтөө иштеринде Вольво унаасы Кытайдан Бишкекке товар жүктөп баратса, ал эми Ман унаасы Бишкектен курулуш товарларын алып Нарынга баратканы белгилүү болду", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kosmos2013
2018-07-11 15:07:08
Крутой повороттордон акырын айдаш керек да негизи,катуу айдай турган жерден айдап.
0
bond02
2018-07-11 15:12:00
Вольво Дордойго келе жаткан болуш керек менимче.
-2
take19
2018-07-12 08:21:24
Кырсык. Бирок өз жолдору менен айдашпаптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан