Япониядагы селден жана суу ташкынынан каза болгондордун саны 179га жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
11-июлда эртең менен Япониянын бийлик өкүлдөрү тараткан маалыматка ылайык, селден жана суу ташкынынан каза болгондордун саны 179га жетти. Азыркы тапта 50дөн ашык адам дайынсыз болууда.
Айта кетсек, Японияда “Прапирун” тайфуну июль айынын башында башталган. Шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 50 метрге чейин жеткен. Каза болгондордун көбү Хиросима менен Эхиме аймагынын жашоочулары болгон. Куткаруучулар аталган аймактардан 2 миңге жакын адамды куткарып үлгүргөн. 70 миңден ашык полиция, өрт өчүрүү, тартип сактоо кызматкерлери жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюш үчүн тартылган.