Франция-Бельгия курамаларынын беттешинен кийин Париж жана Брюссель шаарында баш аламандык орун алды

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалындагы Франция менен Бельгия курамаларынын беттешинен кийин Париж жана Брюссель шаарында баш аламандык орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бельгия курамасы Дүйнө биринчилигинин жарым финалында жеңилүү ызасын тарткан соң анын күйөрмандары Брюссель шаарында баш аламандык уюштурушту. Окуя болгон жерге келген тартип сакчыларга күйөрмандар таш ыргыткан. Полиция кызматы 1 саатка жакын убакыттын ичинде тартип бузган жарандарды тынчтандырып, бир нече кишини камакка алган. Баш аламандыкты уюштурууга катышкандардын саны азырынча белгисиз.

Ал эми Франция курамасынын жеңиши Париж шаарында күйөрмандар менен полиция кызматынын жаңжалы менен аяктады. Елисей талаасында чогулган күйөрмандардын саны 10 миңге жетти. Алардын баш аламандыгын токтотуу үчүн полиция кызматкерлери көздөн жаш чыгаруучу газ колдонууга мажбур болгон.

Эске салсак, 11-июлга карган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Франция курамасы 1:0 эсебинде Бельгия курамасын утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-07-11 18:20:17
Бельгия курамасы Дүйнө биринчилигинин жарым финалында жеңилүү ызасын тарткан соң анын күйөрмандары Брюссель шаарында баш аламандык уюштурушту.. Тушунуктуу
-2
kokboru
2018-07-11 19:07:45
Азарды чалып койду эле ошого штрафной бербей койду да судя.Может ошол жерде бир гол урмак Азар
0
Karakash
2018-07-11 19:14:05
Бельгиянын оюну жакты. мыкты ойношту. пенальтини кутконбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан