Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин SUPER.KG порталы менен жеке оюн менен бөлүшүп Дүйнө чемпиону кайсы команда болорун айтты.
Анын айтымында, бул Дүйнө биринчилигинде Франция курамасы мыкты оюн көрсөтүп, аалам биринчилигин утуп кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.
"Мен бардык эл аралык мелдештерде Орусия курамасына күйөрмандык кылам жана бул Дүйнө чемпиондугунда да алар үчүн жан тарттым. Орусия курамасы үчүн бул мелдеште чейрек финалга чейин жетип, испаниялыктарды утуп алышы - бул чоң жетишкендик. Орусия курамасында өзгөчө Артём Дзюбаны белгилемекмин, анын көрсөткөн оюну эң жогорку деңгээлде болду. Ошондой эле Криштиану Роналду, Эден Азар жана Кевин Де Брюйне өз чеберчиликтерин көрсөтүп, Лионель Месси жана Неймарга караганда бул мелдешке жакшы даярданганын далилдешти. Машыктыруучулар арасында бул Дүйнө биринчилигинде Дидье Дешамдын ишин белгилегим келет. Буга чейинки оюндарда ал даярдаган Франция курама командасы мыкты көрсөткүчтөрдү көргөздү. Финалдык оюнда да алар бул чеберчилигинен жана эрктүүлүгүнөн жазбай Дүйнө чемпиону аталат деп терең ишенем", - дейт Крестинин.
Айта кетсек, Франция курама командасы жарым финалда Бельгияны утуп, эми финалда Хорватия-Англия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.