30-июнь күнү Токмок шаарынын Дөң-Арык айылынын тургуну белгисиз жарандар анын 17 жаштагы кызын ала качып кеткенин айтып, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИБинин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине кызды Талас облусуна ала качып кеткени маалым болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары эки жаран кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо) негизинде кылмыш иши козголду.
"Кыздын эркине каршы ала качкан жаран 25 жаштагы Талас облусунун тургуну болгон. Алгачкы суракта кыз менен шектүү эч кандай катнашка барбаганын айтышкан. Бирок тактоо иретинде жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда анын жыйынтыгы чыга элек. Шектүүлөр алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучу кыз ата-энесинин колуна өткөрүп берилди. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, окуя такталууда", - деди Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы.