Дааратканага барган 10 жаштагы кызды таш менен коркутуп зордукташкан. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын агасы Рамазан Хихида SUPER.KG порталына билдирди.
"Карындашым бир күн мурун апасына жардам берүү үчүн базарга чыккан. Ал болжол менен саат 14:00дө базардын артындагы дааратканага барган. Ал жактан кандай зөөкүрдүн колуна түшкөнүн билбейм. Аны дааратканага киргизбей токойдун арасына алып барып "кыйкырсаң таш менен жанчып өлтүрөм" деп коркутуп, зордуктаган. Кыз коркуп үн чыгарбаптыр. Биз кызды тапкан учурда ал жылаңач, бутунда бир бут кийими гана калыптыр. Чолок шымын, бут кийиминин түгөйүн бактын арасынан таптык. Нес абалында болчу. Соодагерлер кылмыш болгонго чейин 3 адамдын ичкилик ичип отурганын көрүшкөн экен. Бирок кылмышка шектүүлөрдү таба алган жокпуз. Алар изделип жатат. Учурда карындашым ооруканада. Ал Сокулуктагы мектептердин биринде 2-класста окуйт. Биз кылмышкерлерди таап, кылгандары үчүн жооп беришин талап кылабыз", - дейт жабырлануучу кыздын агасы Рамазан Хихида.
Белгилей кетсек, бүгүн Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы катталганы маалымдалган. Анда 10 жаштагы кыз дааратканага барганда белгисиз адам зордуктаганы айтылган. Бул окуя боюнча Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.