SUPER TV: Дааратканага барган 10 жашар кыз зордукталды

Сокулукта 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталды. Милициянын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 10-июлда Сокулуктун борбордук базарында саат 14:00 чамасында болгон. Апасынын соода-сатыгына жардам берип жаткан кыз, базардын артындагы дааратканага чыкканда, ага бейтааныш адам күч колдонуп, зордуктаган.

Өспүрүм кызды зордуктаган адам окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми жабырлануучу кызды апасы жарым сааттан кийин издеп чыгып, жылаңач, ыйлап жаткан жеринен тапкан. Анын абалын көргөн соодагерлер дароо милиция кызматкерлерин чакырып, кызды ооруканага жиберишкен.

Видеоматериалды толугу менен көрүү үчүн SUPER TV бөлүмүнө шилтеме аркылуу өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Boika1986
2018-07-11 19:55:04
Мындай жырткычтпрга тезинен Кыргызстан олум жазасын киргизиш керек.Качанга чейин оспурумдор жабырланат???Только олум жазысын бериш керек тутуп туруп.
+14
Pamirlan
2018-07-11 19:57:04
иий кудай сактасын, Зөөкүрду кармап ХХХХХХ керек, Бирөөнүн зорго чонойткон кызын, каап жаман иш болуптур
+11
abdinasirova
2018-07-11 22:34:16
Азыркы кездерде Сокулук балдарды сабоо,зордуктоо фактысы боюнча биринчи орунда болуп калды го 102чалсан алышпайт Инспектор жок дешип
+11
monster_high_98
2018-07-12 00:05:50
Кызга моралдык жактан жардам керек,жаш кыз болсо да бир жон,эсине кирип калган кези экен, суицидке барышы мумкун,эч элестете албайм,оспурумго кантип колу барат,алар кыздын тынч жашоосунан ажыратты, аларга эки эсе кучотулгон жаза бериши керек,дааана эле справкасы бар адамдар го
+6
Mederbek0811
2018-07-12 00:24:22
Зордуктаган макулук,манкурт табылаар бекен? ХХХХХХХХХХХ керек ошондо башка ушундай акмактарга сабак болот!

Байкуш секелек аябай боорум ооруп жатат. Ата энесине да кыйын болду.
+3
Sonya302712
2018-07-12 00:47:22
Жеп жутарлар!!! Келечегибиз балдардын колунда- деген кооз созунорду суйлоп отура бересинерби?!!! Качан ушундай зоокурлорго, адамдын кейпиндеги айбандарга качан чара коросунооор?!!!
+3
Kirajsjk
2018-07-12 03:05:22
окунучтуу аябай,кундон кунго осуудо ушундай ыплас иштер.Катуу чара колдонушса.Бул нерсе дуйно жузу боюнча кобойуп жатат.Интернет да ачык еле баарын корсотуп калды,ошол жактын да еткиси болуп атат.
+2
vikidiki
2018-07-12 05:52:59
Балдарды эшикке чыгаргандан коркуп калдык го. Онбогурлар! Ушундай эки аяктуу айбандарды жер жутуп кетсе жакшы болмок. Канча оспурумдордун тагдырына балта чабышты!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан