Манжукич акыркы мүнөттөрдө гол киргизип Хорватияны алгачкы жолу финалга алып чыкты

12-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-жарым финалдык беттеши орун алат. Анда Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда Хорватия менен Англия курамаларынын беттеши өтмөкчү. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталып, башкы калыс түркиялык Жюнейт Чакыр болот.

Бул беттештин жеңүүчүсү финалда Франция курамасы менен кез келсе, жеңилген команда 3-орун үчүн Бельгия курамасы менен беттешет.

23:48. Хорватия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Даниел Субашич ("Монако", Франция).
  • Коргоочулар: Домагой Вида ("Бешикташ", Түркия), Иван Стринич ("Сампдория", Италия), Деян Ловрен ("Ливерпуль", Англия), Шиме Врсалько ("Атлетико", Испания).
  • Жарым коргоочулар: Лука Модрич ("Реал Мадрид", Испания), Иван Ракитич ("Барселона", Испания), Марцело Брозович("Интер", Италия),
  • Чабуулчулар: Марио Манжукич ("Ювентус", Италия), Иван Перишич ("Интер", Италия).
  • Башкы машыктыруучу: Златко Далич (Хорватия).

23:50. Англия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Жордан Пикфорд ("Эвертон").
  • Коргоочулар: Киран Триппьер ("Тоттенхэм"), Харри Магуайер ("Лестер"), Жон Стоунс, Кайл Уолкер ("Манчестер Сити").
  • Жарым коргоочулар: Жордан Хендерсон ("Ливерпуль"), Деле Алли("Тоттенхэм"), Жессе Лингард, Эшли Янг ("Манчестер Юнайтед").
  • Чабуулчулар: Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити"), Гарри Кейн ("Тоттенхэм")
  • Башкы машыктыруучу: Гарет Саутгейт (Англия)

23:54. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Хорватиянын гимни жаңырды.

23:57. Англиянын гимни чыгып, командалар беттешти баштоого даяр.

23:58. Топту оюнга алгач Англия курамасы кошот.

00:00. Чакырдын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.

00:01. Алгачкы мүнөттөн Хорватия курамасы топту өзүнүн карамагына алып, акырындан чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

00:02. Жон Стоунска каршы хорватиялыктар чабуулга чыгып оюн эрежесин бузду. Топ англиялыктарда.

00:03. Модрич Деле Аллини жыгылтып оюн эрежесин бузду. Англиялыктар кооптуу айып сокку аткарат.

00:04. Го-о-о-о-о-л! Киран Триппьер айып соккуну мыкты аткарып, эсеп санын ачканга жетишти. Субашич топту тосуп алганга жетишпей калды.

00:06. Пикфорд айып аянтчага чыгарылган топту тосуп алып, дароо командасын контр-чабуулга чыгарды. Анын алыстан чыгарып берүүсүнө Рахим Стерлинг жетпей калды.

00:07. Врсалько командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

00:08. Лука Модрич топту бурчтан чыгарып, бирок айып аянтчадан өнөктөштөрүн таба алган жок.

00:09. Чакырдын ышкырыгы жаңырды. Шиме Врсалько оюн эрежесин бузуп, топ англиялыктардын карамагына өттү.

00:10. Англия курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Аны Эшли Янг аткарат.

00:11. Эшли Янгдын чыгарып берүүсүнөн кийин Алли сокку узаткан. Бирок айып аянтчадан Магуайер оюн эрежесин бузганга үлгүргөн.

00:12. Киран Триппьер айып аянтчага кирип баруу аракетин көрүп, бирок коргоочулар топту талаадан чыгарып салууга жетишти.

00:13. Гарри Магуайер кайрадан бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттап, тилекке каршы, бир аз таамай болбой калды.

00:14. Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар стандарттык абалдан чабуулун улантат.

00:15. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Англия - 51 пайыз, Хорватия - 49 пайыз.

00:16. Хорватиялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, позициялык чабуулун жасоодо.

00:17. Перишич алыскы аралыктан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазадан 1 метрден жакын жерден өтүп кетти.

00:18. Узатылган соккулар боюнча статистика: Хорватия - 1, Англия - 2.

00:19. Анте Ребич алыскы аралыктан сокку узатканга үлгүрдү. Бирок коргоочулар топту кайтарганга жетишип, контр-чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк алды.

00:20. Кейн дарбазачы менен бетме-бет келгенге үлгүрүп, бирок офсайд абалында болуп калды.

00:21. Перишич кайрадан алыскы аралыктан сокку узатып, бирок бул ирет бир топ таамай болгон жок.

00:22. Рахим Стерлинг коргоочуларды алдап өтүп айып аянтчага кирүү мүмкүнчүлүгүн алган, бирок ал жыгылып кетип топту жоготту.

00:23. Стерлинг кайрадан чабуулга чыгып, анын чыгарып берүүсү таамай болбой калды.

00:24. Стерлингге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар дагы бир жолу кооптуу айып сокку аткарат.

00:25. Эшли Янгдын чыгарып берүүсүнө алгач Субашич жетип, топту айып аянтчадан чыгарып салды.

00:26. Эреже бузуу боюнча статистика: Хорватия - 7, Англия - 4.

00:27. Англиялыктар позициялык чабуулун аткарып, азырынча каршылашынын коргоо бөлүгүн өтө албай жатат.

00:28. Кейн айып аянтчанын ичинен Субашич менен бетме-бет келип, анын соккусун дарбазачы кайтарганга үлгүрдү.

00:30. Ребич айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, анын соккусун Пикфорд тосуп алды.

00:31. Врсалько Пикфордго каршы оюн эрежесин бузуп, топ англиялыктардын карамагында калды.

00:32. Ребич айып аянтчага чыгарылган топко жетпей калып жакшы мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды.

00:33. Деле Аллинин айып аянтчага чыгарган тобу Гарри Кейнге жетпей калды. Бирок англиялыктар кайрадан топко ээ болуп, чабуулун улантат.

00:34. Лингард айып аянтчанын сыртынан коргоочулардын кароосунан бошонуп, сокку узатканга жетишти. Бирок ал таамай болгон жок.

00:35. Стерлинг айып аянтчанын бурчунан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Бирок коргоочулар топту тосуп алганга жетишти.

00:36. Киран Триппьердин айып аянтчага көтөрүп берген тобуна өнөктөштөрү жетпей калды. Топ Хорватия курамасынын карамагына өттү.

00:37. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 51 пайыз, Англия - 49 пайыз.

00:38. Соккулар боюнча статистика: Англия - 5, Хорватия - 4.

00:39. Ребич Эшли Янгга каршы орой оюн көрсөтүп, калыс эреже бузууну каттады. Топ англиялыктардын карамагында.

00:40. Англиялыктардын позициялык чабуулу ийгиликсиз болуп, Хорватия курамасы топту өзүнүн карамагына өткөрдү.

00:41. Хорватия курамасы чабуулга чыгып англиялыктардын коргоо бөлүгүнө өтө албай жатат.

00:42. Шиме Врсалько алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болбой калды.

00:43. Англиялык коргоочулар ката кетирип Иван Ракитич топту тартып алганга жетишти. Ал айып аянтчага кирип барганы менен, сокку узатканга жетишкен жок.

00:44. Англиялыктар оюн эрежесин бузуп, айып соккуну Модрич аткарат.

00:45. Башкы калыс 1-таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

00:46. Хорватиялыктар стандарттык абалдан натыйжа чыгара алган жок. Модричтин чыгарып берүүсүн коргоочулар кайтарып салды.

00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.

01:02. Жюнейт Чакыр 2-таймга старт берди. Азырынча эсеп 0:1.

01:03. Анте Ребич айып аянтчага кирип келип, коргоочуларды алдап өтө албай калды.

01:04. Ребич Уокерге каршы оюн эрежесин бузду, сары айып кагазы менен белгиленди.

01:07. Англиялыктар кайрадан чабуулга чыгып, азырынча алардын чабуулу ийгиликсиз болууда.

01:08. Ребичтин айып аянтчага чыгарган тобуна Перишич жетишпей калды. Перишич мыкты чыгарып берүү үчүн өнөктөшүнө ыраазычылык билдирүүдө.

01:09. Кайл Уокер убакытты созгону үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

01:10. Хорватиялыктар чабуулун улантып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

01:11. Лука Модрич топту бурчтан чыгарып, бирок узаткан соккусу ийгиликтүү болгон жок.

01:12. Англиялыктар контр-чабуулга чыгып, Лингард командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Бирок аны англиялыктар колдоно алган жок.

01:13. Триппьер оң канаттан айып аянтчага чыгаруу жасап, Кейн башы менен сокку узатканга жетишпей калды. Хорватиялык коргоочулар топту аянтчадан чыгарып салганга жетишти.

01:14. Стринич айып аянтчага топту чыгарып, бирок коргоочулар топту талаадан сыртка чыгарып салышты.

01:15. Стерлингге каршы оюн эрежеси бузулуп, топ англиялыктардын карамагына өттү.

01:16. Иван Ракитич топту жерге түшүрбөй дароо сокку узатканга үлгүрдү. Сокку кубаттуу болгону менен таамай болгон жок.

01:17. Хорватиялыктар ийгиликтүү чабуул аткарууга аракет жасаганы менен, азырынча кооптуу абал дагы жарата албай жатат.

01:18. Рахим Стерлинг айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишпей калды.

01:21. Ракитич айып аянтчанын ичинен сокку узатканга жетишип, бирок аны Кайл Уокер топту тосуп алганга жетишти.

01:22. Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, оюн убактылуу токтотулду.

01:23. Кейн айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Бирок ал таамай болгон жок.

01:24. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Перишич айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып дароо узаткан сокку менен эсеп санын тең кылды.

01:26. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Хорватия - 57 пайыз, Англия - 43 пайыз.

01:27. Перишич мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Ал айып аянтчанын ичинен сокку узатып штангага тийип калды.

01:28. Врсалько, Модрич жана Ракитич кыска пас алмашуу аркылуу коргоочуларды алдап өтүүгө аракет кылып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

01:29. Иван Перишич алыстан сокку узатып таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

01:30. Англия курамасында алмаштыруу. Маркус Рэшфорд Рахим Стерлингдин ордуна оюнга кошулду.

01:31. Врсалько топту оң бурчтан чыгарып берүү аткарып таамай болбой калды. Перишич топко жетишпей калды.

01:33. Лингард оң канаттан сокку узатып таамай болбой калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

01:34. Хендерсон айып аянтчанын сыртынан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ алыс өттү.

01:36. Соккулар боюнча статистика: Англия - 8, Хорватия - 12.

01:39. Манжукич англиялыктардын айып аянтчасынан топту кабыл алып, дароо сокку узатканга аракет кылды. Пикфорд топту тосуп алганга жетишти.

01:42. Кейн айып аянтчанын ичиндеги Лингардга топту чыгарып берген, бирок Жесси топту тосуп алганга жетишкен жок.

01:45. Ловрен алыстан сокку узатып таамай боло алган жок.

01:46. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 3 мүнөт кошуп берди.

01:47. Англиялыктарга каршы оюн эрежеси бузулуп, алар айып сокку аткарат.

01:48. Кейн айып аянтчага көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап, бирок соккусу таамай болбой калды.

01:49. Чакырдын ышкырыгы жаңырып, командалар дагы 2 тайм ойношот.

01:55. Алгачкы 15 мүнөттүк кошумча тайм старт алды.

01:56. Англия курамасында алмаштыруу. Эшли Янгдын ордуна Дэнни Роуз оюнга кошулду.

01:57. Ребич оюн эрежесин бузуп, топ англиялыктардын карамагында калды.

01:58. Стринич жеңил жаракат алып, учурда оюн убактылуу токтотулду.

01:59. Стринич оюнду уланта албай калды. Анын ордуна оюнга Йосип Пиварич чыкты.

02:00. Ребич оюн эрежесин бузуп, калыс ага сары айып кагазды ыйгарды. Англиялыктар айып сокку аткарат.

02:02. Англия курамасында дагы бир алмаштыруу. Эрик Дайер оюнга Хендерсондун ордуна кошулду.

02:04. Врсалько дарбазанын сол бурчуна туруп алып, командасын голдон сактап калды.

02:06. Рэшфорд оюн эрежесин бузуп, хорватиялыктар айып сокку аткарат.

02:07. Хорватия курамасында алмаштыруу орун алды. Андрей Крамарич Анте Ребичтин ордуна чыгат.

02:10. 1-кошумча таймга калыс 2 мүнөт кошуп берди.

02:12. Манжукич дарбазачы менен бетме-бет келип, анын соккусун Пикфорд тосуп кетти.

02:13. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча убактысы аяктады.

02:17. Калыс 2-кошумча таймга старт берди.

02:19. Брозович айып аянтчага кирип келип, сокку узатты. Бирок ал таамай боло алган жок.

02:20. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Манжукич эсеп санын өзгөртүп командасын алдыга чыгарды. Ал Перишичтин чыгарып берүүсүнөн кийин Пикфорд менен бетме-бет келип, кубаттуу соккусу менен топту тосуп алганга мүмкүнчүлүк берген жок.

02:24. Англия курамасында алмаштыруу. Кайл Уокердин ордуна оюнга Жейми Варди кошулду.

02:26. Хорватия курамасында алмаштыруу: Жаракат алып калган Манжукичтин ордуна оюнга Ведран Чорлука кошулду.

02:29. Хорватия курамасында алмаштыруу. Лука Модричтин ордуна Милан Бадель оюнга кошулду.

02:32. 2-кошумча таймдын убактысы аягына жетип, калыс дагы 4 мүнөт кошуп берди.

02:35. Милан Бадель колу менен ойноп оюн эрежесин бузду.

02:36. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Хорватия курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

02:37. Бул жеңиш менен Хорватия курамасы финалга чыгып, анда Франция курамасы менен күч сынашмакчы. Ал эми Англия коло медалдар үчүн Бельгия курамасы менен кездешет.

Дүйнө чемпиондугунун жарым финалы: Хорватия-Англия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
M.u.T
2018-07-12 01:02:27
Чакыр Англияга тартып жатат.
+1
anonymous
2018-07-12 01:53:33
Чакырды билбейм боковой арбитр кейндин ударынан кийин оффсайд дегени окшошпой каллы.Гол болсо унчукпайт беле?
+1
Sabette
2018-07-12 02:09:49
Хорватия период
0
Modric10
2018-07-12 02:16:30
Кейндин оюну 0 экен
+1
M.u.T
2018-07-12 02:23:48
Гооол Хорватия 2
0
jamakeev2015
2018-07-12 02:24:00
Прямой эмир кайсындан көрсө болот кызыкчу эмес элем че то катуу болуп атат окшойт
0
Modric10
2018-07-12 02:26:21
jamakeev2015,прямой телевизордон кор
+3
Modric10
2018-07-12 02:24:24
мен ойлогондой болду бул жагы.
Англиянын дарбазачысы ото чегинен ашып кетти эле обу жоктонуп
0
Dilzat1631
2018-07-12 02:35:57
Modric10,ozuncho ele Modricsingo
-3
Isco22
2018-07-12 22:49:42
Dilzat1631,дилзатсынбы же дилшатсынбы? Ишин не сенин модрич болобу ловрен болобу?
0
Farm94
2018-07-12 02:47:46
Хорватияя алга ракитич
-1
Mikaaa
2018-07-12 02:48:27
Франция алга Хорватияны уткула
+1
mariolan
2018-07-12 03:11:45
Алтын топту Модричке бериш керек
+3
Modric10
2018-07-12 07:14:31
mariolan,+++++
+2
Isco22
2018-07-12 11:28:43
Modric10,а модрич ака))аккаунт жакшы аккаунт бекен))))
+2
Modric10
2018-07-12 13:24:28
Isco22,аябббай
0
demo009
2018-07-12 03:14:06
Хорватия алга,
+1
mariolan
2018-07-12 03:14:53
Финалда берки коланизаторлорду да утуп койгула эми
0
monster_high_98
2018-07-12 12:17:29
mariolan,Коробуз,ыйлап кетишпесин
0
ShaKe11
2018-07-12 06:13:52
Хорватия чемпион буйурса Францияны да 2-1 ге жасап салгыла
+1
Sultawka
2018-07-12 09:39:12
ShaKe11,Франция кучтуу женет
+1
monster_high_98
2018-07-12 12:17:10
ShaKe11,Финалда коробуз,эрте эле жыйынтык чыгарбай тургула
+2
Modric10
2018-07-12 13:25:28
ShaKe11,+++++
0
Modric10
2018-07-12 13:27:14
ShaKe11,туура айттын
0
kolyn
2018-07-12 22:55:40
Финалда после матчевый пенальти болову деймда,чо та эки команда тең жакшы оюношту.Бирок франция тактический кыйын,контр атаканы жакшы колдонот...
0
Meni_unut
2018-07-12 23:58:13
Хорваттар эми Францияны талкалагылачы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан