Сокулукта 10 жаштагы кызды дааратканага барган учурда зордуктаган шектүү кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул окуя боюнча шектүүлөр кармала элек. Учурда издөө иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы катталганы маалымдалган. Анда 10 жаштагы кыз дааратканага барганда белгисиз адам зордуктаганы айтылган. Бул окуя боюнча Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми зордукталган кыздын агасы Рамазан Хихида дааратканага барган 10 жаштагы карындашын таш менен коркутуп зордукташканын айтып берген.