Кыргыз эстрадасынын жаш ырчыларынын катарын толуктаган Жоодарбешим кыздуу болду. Бул сүйүнүчтүү кабарды ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Кызым жарык дүйнөгө 7-июль күнү келди. Ал эми бүгүн жубайым менен кызымды төрөт үйүнөн үйгө чыгарып келдик. Абалдары буюрса жакшы. Ата болуу бул өзгөчө сөз менен айтып жеткире алгыс сезим экен. Кызым жарык дүйнөгө келер замат боорумда 2 саат жатты. Бул арада кубанычым коюнума батпай, аябай толкундандым. Азырынча кызыма ысым ыйгара элекпиз. Мусулман кызына ылайык келген жакшы бир ысымдардан тандап жаткан учурубуз", - дейт ырчы.
Айта кетсек, өзүнүн "Кайнене", "Жаман ойлобо", "Жубайым болчу", "Баары жалган", "Унут мени" аттуу ырлары менен таанылган ырчы 2017-жылдын декабрь айында үйлөнгөн.