Тауекел Мусилим сүйүктүүсү өзүнөн 11 жаш кичүү экенин ачыктады

Казакстандын мега жылдызы, актёр жана алпаруучу Тауекел Мусилим өзүнүн сүйүү мамилеси тууралуу үн катты. Буга чейин "жүрөгүм бош, үй-бүлө курууга шашылган жокмун" деген актёр сүйүктүүсү өзүнөн 11 жаш кичүү экенин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Тауекел Мусилимдин колун кармаган казак аруусу 19 жашта. Алар мындан 4 ай мурда жергиликтүү кафелердин биринде таанышып калган.

"Ал абдан карапайым, уяң, сулуу бийкеч. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөн бери бир дагы жолу кызганып, таарынган жок. Менин болочоктогу жубайым боло турган бийкеч карапайым эле үй-бүлөнүн кызы. Биз ата-энелерибиз менен таанышканбыз. Буюрса үлпөт тоюбуз кийинки жылы болот", - деп сүйүктүүсү тууралуу маек берген.

Эске салсак, буга чейин Тауекел Мусилим менен ырчы Жанар Дугалованын ортосунда сүйүү оту жанып турат деген кептер айтылган. Бирок ырчы мырза белгилүү блогерлерди, маалымат булактарынын өкүлдөрүн чакырып Жанар Дугалова менен сүйүү мамилесинде эмес экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
voennyi88
2018-07-12 18:13:46
Ай Малика Диначы
-1
gul-jana2
2018-07-12 18:59:44
voennyi88, Бул башка. Маликаныкы Эрке Булан да.
+8
sirgak_92
2018-07-13 10:27:46
voennyi88,Малика Динанын бул карабайт дагы го дейм
+1
Nargiza1987k
2018-07-12 19:12:45
Кызы крапайым эмес эле бетинде беш тонна макияж туратко бирок бактылуу болгула
+13
Meni_unut
2018-07-12 19:14:11
Бир сулууга бир куник дейт го)))
+13
Siren.ms
2018-07-12 19:22:49
Аии вкус деген нерседен кыйлале калып кеткенго бул жентилмен озуно жакса болдуда кызы 11 жаш кичинекей эмес эле 11 жаш чондойго
+13
-Sumitra-
2018-07-12 20:03:58
Бул канчанчы жылкы озу?
+4
Nevestkaa
2018-07-12 20:05:33
Тауекел "карапайым кыз " мындай болбойт да,байдын эле кызы окшойт.Бала өтө эле сулуу экен,мындай адам мн өмүр бою жашаш кыйын болсо керек,нееежный да экен кыздай болуп.
+7
dobrajelatel
2018-07-12 20:19:22
Бул сулуунун макияжын жууп салса...
. Эээ Таукел жалко, кутпогонмун мындай кызды суйот деп. Суйуунун козу кор дегенчелик бар экен.
+8
Ayida
2018-07-12 22:07:49
Мага кыз жаккан жок.Бир сулууга бир куник бир жакшыга бир жаман. Бою узун жакшына бала экен эле
+4
Morskayazvezda
2018-07-12 22:21:32
Балким характери жакшы кыздыр. Сыртынан карап эле сындаган болбойтко.
+5
Bilal2014
2018-07-13 00:11:43
4ай ичинде бир да кызганбаган болсо анда хитрая экен ото эле.
+4
mentol
2018-07-13 03:34:02
Ой блиин, өлө татынакай окшойт дедим эле, бир сулууга бир куник дегенге ынанып келатканыма 3 жыл болуп атат(
0
Baian
2018-07-13 03:49:43
Биздин Асанкулованы чанып атышты эле какелер.
Биздики 100 эсе сулуу болчу.Майли эми бактылуу болгула
0
Asyl10
2018-07-16 12:42:15
Кыз Тауакелге визуально пара эмес экен,балким мунозу жакшы болсо керек. Бирок Тауакелдей жигиттин жанында башкача сулууну элестетип жургом. Казактын сулуу кыздары толтура го,бул кыздын жылдызы анча жок экен.Тауакел анын алдында красавец го. Эмнеси болсо да уйлонуп бактылуу болушсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан