Хорватия финалга өткөн соң өлкөнүн министрлери өкмөттүк жыйынга улуттук кураманын формасын кийип келишти

Футбол боюнча Хорватия курама командасы финалга аттанган соң Хорватиянын министрлери өкмөттүк жыйынга улуттук курама команданын формасын кийип келишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Айта кетсек, Хорватия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Англия курамасын 2:1 эсебинде утуп, өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу финалга аттанды. Оюндун 5-мүнөтүндө Англия курамасынан Киран Триппьер айып соккуну мыкты аткарып эсеп санын ачса, 68-мүнөттө Перишич эсеп санын тең кылды. Кошумча 2-таймдын соңуна 10 мүнөт калганда Манжукич эсеп санын 2:1 кылып кетип, командасына жеңиш алып келди.

Финалда 15-июль күнү Хорватия курама командасы Франция курамасы менен кез келмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
mirbek_kgz.1990
2018-07-12 19:10:10
Буюрса чемпион болот.Алга жигиттер.Чарчадынар бирок болгон акыркы кучту жыйнап финалды утуп бергиле эми.Финалды утсанар жакшылап 1/1 аш басып берейин оз колум менен
+14
Azatbek.Svoboda.
2018-07-12 19:20:53
mirbek_kgz.1990,Ата-Энеңе өз колуң менен а басып бер!
-1
mirbek_kgz.1990
2018-07-12 21:46:27
Azatbek.Svoboda.Ата-энеме дайыма эле басып берем
+2
nemo2016
2018-07-12 23:05:38
mirbek_kgz.1990,харваттар уйуно кетет дегем кетседа колдоп отуруп финалга откоруп жибердик харваттарга куйормандык кылгандар кандайсынар
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-07-12 19:11:53
Эгерде Хорватия дуйнө чемпиону болсо анда Хорватия эли баары бир ай улуттук формасын кийип журушот болсо керек!
+9
Meni_unut
2018-07-12 19:12:54
Хорваттар молодец!!!
+11
Guljaina
2018-07-12 19:20:03
Бияктале мен озумчоле суйундум тарыхта биринчи жолу финалга чыккандарына.Биздикилерда чыксын эми келерки муундардан.
+10
ArgenMers
2018-07-12 19:20:17
Чынын айтсам Хорватия утулат деп ойлодум эле топ тоголок деген туура тура
+5
NIkalike
2018-07-12 19:35:51
Хорваттардан бизге жуксун, жуксун ылайым.
+10
Saidulla
2018-07-12 19:42:50
Сонун,мыкты колдо
+3
Patoshik1
2018-07-12 20:06:23
о торт бештасы кийбептирго а? неге е кийбеди? а ?
-9
admin_superstan
2018-07-13 11:05:17
Ak_Bulut, interpol, Patoshik1, aibars,
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү!
0
Wolf_ero
2018-07-13 00:06:17
Франция алып кетет
-1
Modric10
2018-07-13 13:15:47
Хорваттын кыздары ото красавица келишет экен
0
forester
2018-07-14 01:31:11
Баягы мушкерлер Мирко Крокоп, Стипе Миочич, ошолор Хорватиялыктарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан