Айсулуу Тыныбекова Испанияда килем үстүнө чыгат

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Испанияда өтүүчү кыз-келиндер күрөшү боюнча Гран-При мелдешине катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 2 спортчу катышат, алар: Айсулуу Тыныбекова жана Мадина Надирова. Нурбек Изабековдун шакирттери 14-15- июль аралыгында күч сынашып, 16-19-июль аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшөт.

Бул мелдеш Кыргыз курамасы үчүн Азия оюндарына даярдануу этаптарынын бири болмокчу.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

62 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсулуу Тыныбекова - эл аралык даражадагы спорт чебери;

53 килограммга чейинки салмак ченинде: Мадина Надирова - спорт чебери;

Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков.

Дарыгер: Бактыгүл Алишерова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ALMAAAN
2018-07-12 20:44:53
Хехе ийгилик Айсулуу
+2
nelya88
2018-07-12 21:41:48
Оо, Мадина, ийгилик! Сен да Айсулуу эжекене окшоп элибизди дүйнөгө таанытып келесиң, деген үмүтүбүз чоң.
+3
Meni_unut
2018-07-12 23:53:20
Ийгилик.Кудай колдосун!!!
+3
admin_superstan
2018-07-13 17:52:41
Patoshik1,
Портал кыргыз тилинде болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан