Японияда суу ташкынынан каза болгондордун саны 200гө жетти. Ал эми дайынсыз жоголгон 60 адам изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кырсык болгон аймактарда 73 миңге жакын коопсуздук кызматкерлери, полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери иштеп жатат. Куткаруу иштерине 80 тик учак тартылган. Жапа чеккен аймакка өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ барып, жабыркагандардан кабар алганы айтылат. Премьер-министр өлкөдөгү апаатка байланыштуу 11-18 июлда Европа менен Жакынкы Чыгышка белгиленген иш сапарын токтоткон.
Айта кетсек, Японияда “Прапирун” тайфуну июль айынын башында башталган. Шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 50 метрге чейин жеткен. Каза болгондордун көбү Хиросима менен Эхиме аймагынын тургундары болгон. Куткаруучулар аталган аймактардан 2 миңге жакын адамды куткарып үлгүргөн.