Италиялык "Ювентус" футболдук клубунун расмий дүкөндөрү Криштиану Роналдунун футболкаларын 1 мүнөт сайын сатууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Криштиану Роналду "Ювентуска" өткөн убакыттан баштап футболдук клубдун расмий дүкөндөрү 1 мүнөт сайын 7-сандагы футболкаларды сатууда. Футболкаларды сатып алууну калоочулар көп болгондуктан клубдун интернет-дүкөнү иштебей калды. Ар бир футболканын баасы 100-140 евронун тегерегинде болууда. Клубдун божомолу боюнча, алар 1 миллиондон ашык футболканы сатат.
Айта кетсек, 11-июлда Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" клубуна өтүү боюнча 4 жылдык келишим түзгөнү белгилүү болгон. Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубуна 2009-жылы өтүп, ушул убакытка чейин 15 трофей жеңгенге үлгүргөн. Алардын ичинде Чемпиондор Лигасынын 4 кубогу бар. Андан тышкары "Алтын топтун" 5 жолку ээси, төртөөнү "Реалдын" курамында алган.