Москвада 24 жаштагы келин балдар ойногон аянтчада асынып алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, келиндин жансыз денеси 9-июль күнү Москва шаарынын Хамовники районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар ойногон аянтчадан табылган.
"Келиндин эмне себептен асынып алганы азырынча белгисиз. Анын өз жанын кыюуга түрткү болгон кырдаал тийиштүү органдар тарабынан иликтенет. Анын сөөгү кечээ, 11-июлда Кыргыз өлкөсүнө жеткирилди. Келиндин артында бир баласы калды", - деп билдирди.
Ал эми Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов өзүнүн интернеттеги баракчасына маркумдун сөөгү мекенине жөнөтүлгөндүгү тууралуу мындай деп жазган.
"9-июль күнү Москва шаарынын Хамовники районунда 1994-жылы туулган А.А. аттуу карындашыбыздын жансыз денеси табылган. Ушул окуя боюнча Москва шаарынын Хамовники райондук прокуратурасы жана тергөө органдары иш козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүүдө. 11-июль күнү маркумдун сөөгүн алып кетүүгө уруксат кагаздарын беришти. Уруксат кагаздарды чогултуп, Москва-Ош аба каттамы боюнча маркумдун сөөгүн жөнөтүп жатабыз" деп жазган.