Жогорку Сот 12-июлда "Сентябрь" телеканалынын кайрадан берилген кассациялык арызын кароодон баш тартты. Телеканалдын жетекчилигинен SUPER.KG'ге кабарлашкандай, Жогорку Сот телеканал боюнча буга чейин эле акыркы чечим кабыл алгандыгын жүйө келтирип, ушундай чечимге келди.
"Жогорку Сот 2017-жылдын 27-декабрында эле каналды жабуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Бирок арыз туура эмес берилгендигин айтышкандан кийин, биз кайрадан арыз берип көрдүк. Тилекке каршы, Жогорку Сот буга чейин эле акыркы чечим кабыл алгандыгын жүйө келтирип арызды кароодон баш тартты", - деп билдиришти телеканалдын жетекчилигинен.
Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон.