Закир Жалилов "Нефтчи" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Закир Жалилов Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган клубдун администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жалилов менен келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн. "Азырынча бир жыл иштешебиз. Келишимдин мөөнөтүн узартып же узартпоо маселеси ушул жылкы чемпиондуктардын жыйынтыгынан көз каранды",- деп маалымдады клубдун администрациясы. Айта кетсек, Закир Жалилов буга чейин аталган футболдук клубда дарбазачы болуп ойноп келген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан