Биз социалдык тармакта

Мамлекетке ири көлөмдөгү зыян алып келгендиги үчүн Бажы кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бажы кызматынын кызматкерлери мамлекетке ири көлөмдө зыян алып келгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) менен аларга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бажы кызматынын экс-төрагасынын 2014-жылдын август айындагы буйругунун негизинде 2014-жылдын 2 кварталында кызматкерлерге 3 миллион 303 миң 964 сом мыйзамсыз жол менен сый акы берилгенин аныктап чыгышты. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүү УКМКга өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, 2014-жылы Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2018-07-13 12:27:15
Жегендин кобу чет жака чыгып кеткен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан