Бишкекте батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 22:05 чамасында ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматкерлери Москва көчөсүндөгү батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1948-жылы туулган П.Г.Ф аттуу аялдын жансыз денеси табылган.
Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.