Ош шаарында 27 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 12-июль күнү Төлөйкөн айылындагы Араван каналына 1991-жылы туулган А.уулу А. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке саат 15:51де ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, саат 17:10до ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 17 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүп башташкан. Саат 18:50дө суудан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.