Рэпер Тимати менен ырчы Егор Кридге карата кылмыш иши козголду

Орусиялык рэпер Тиматиге жана ырчы Егор Кридге коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Тимати менен Егор Крид 20-июндан 21-июнга караган түнү Тверь районундагы Большая Дмитровка көчөсүнө ак түстөгү жол тандабас менен келген. Алар унаасын көчөнүн чок ортосуна токтотуп, музыканын дабышын катуу чыгарган аппаратын коюп, өздөрү унаанын үстүнө чыгып алып этикага туура келбеген сөздөр менен рэп окуган. Алардын түшүнүксүз жоругу көчөдөгү жол тыгынын пайда кылып, тургундардын тынчын алган.

Коомдук эрежени сактабагандыгы үчүн Тимати менен Егор Крид аймактык тергөө бөлүмүнө чакырылган. Бирок ырчылар түшүндүрмө берүүгө барышкан эмес. Мындан улам Тверь РИИБи рэпер менен ырчыга карата кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Merelisha
2018-07-13 17:50:09
Ой тообоо,орус оюндагысын кылат дегенге бир далил.
+5
Omurbek998
2018-07-13 18:08:05
Кооп кетишти булар
+12
KG.Kushtarbek
2018-07-13 18:54:12
Black Star
-2
bond02
2018-07-13 19:46:59
Ошол жол тандабасын алып коюш керек да, уйундо окуп калышат анан.
+7
abon
2018-07-14 00:28:29
Тимати, Мафия болгондон кийин буга фиолетово да
+3
Hatali
2018-07-14 10:34:37
Егор такыр жакпай
калды озу
0
AKCAHAT
2018-07-15 02:19:31
Бекылыктар. Майкл Жексон дагы кочону тосуп бийлеген эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан