22 жаштагы кыз айдап бараткан унаа Токмокко жакын жерде 3-4 жолу оодарылып кетип, үч адам каза болду (сүрөт)

Бүгүн, 13-июль күнү саат 14:00 чамаларында Бишкек-Нарын унаа жолунун 44-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа 3-4 жолу оодарылып кетип, ичинде бараткан үч адам каза болду. Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун SUPER.KG'ге билдиришинче, унааны 22 жаштагы кыз айдап бараткан.

"Айдоочу кыз Токмоктон Бишкек шаарын көздөй келе жатып рулга ээ боло албай калып, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичинде айдоочу кыздан сырткары 46 жаштагы киши беш жаштагы уулу менен кошо каза болуп калышты. Ошондуктан Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоо керектигин эскертебиз", - деди Мирсадык уулу.

Ага тескөөчү учурда жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Abdullatif
2018-07-13 15:42:38
Абайлагылачы айланайындар
+23
dastan.bujun
2018-07-13 15:45:40
Кыргызстанга барып Батраак айдоочулук куболук алып коюш керек эле.
-22
tynchy
2018-07-13 15:47:07
жаш кетишиптир арты кайрылуу болсун жакындарына кайрат берсин машина айдайт десе эле айдап жатышат ат корбогон минип олтурот болуп
+18
Azat.97
2018-07-13 15:47:11
Эркекче айтайын 140-160 менен айдаган.Жаткан жерлери жайлуу болсун
+10
ALMAAAN
2018-07-13 15:51:13
Айдайт десе айдаганда жалко жаткан жерлери жайлуу болсун
+5
Janyjol.86
2018-07-13 16:03:12
46 жашташы киши акырын айда деп койсо болмок экен
+4
asdef
2018-07-13 16:15:10
Мерс 430 экен болушунча баскан окшойт
+5
amirrus
2018-07-14 05:00:24
кеминде 140_150те келген акырыныраак жургондо аман калмак
+1
Muratmipa
2018-07-14 12:00:54
Стрешний не ол
+3
ikitaidesu
2018-07-14 12:55:17
Muratmipa,мен встречный болсо керек деп койдум, билбейм дагы кандай вариант бар...
+5
Shahrizaada
2018-07-16 12:49:50
Muratmipa, озунда туура жаз))
Ол!!!)))
0
mirlan.kg87
2018-07-15 00:14:36
Ассалом Алейкум достор мунун баары айдоочулук куболукту окубастан сатып алгандыгы болуп жатат качан жанылык окусам эле авария авария болуп жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан