Орусия улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Сергей Игнашевич момпосуй жеп эс алууда

Орусия улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Сергей Игнашевич "момпосуй" жеп эс алууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусия улуттук курама командасынын жана "ЦСКА" клубунун коргоочусу Сергей Игнашевич өзүнүн Инстаграм баракчасына сүрөт жарыялаган. Ал сүрөттө спортчу бутун сунуп жатканын жана жанындагы момпосуйлардын кабыгын көрүүгө болот. Аталган сүрөттү ал "пенсияда" деген билдирүү менен коштогон.
Айта кетсек, Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чейин жеткен Орусия улуттук курама командасынын оюнчусу Игнашевич карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу айтып:
"Азыркы тапта мен сүйүнүп, жан дүйнөм тынч алып турган кез. Анткени карьерамды мыкты командада, мыкты машыктыруучу жана эң мыкты оюнчулар менен аяктап жатам", - деп билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2018-07-13 20:23:35
Сергей Николаевич буюрса ЦСКАнын структурасынан кутобуз !!!
0
futboler
2018-07-14 00:04:20
Молодец
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан