Футбол боюнча өспүрүмдөр (U-17) Кыргыз курама командасы Астананын акиминин кубогу аттуу эл аралык мелдешине катышып, коло медалдарды тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште Кыргыз жана Тажик курама командалары, казакстандык "Астана", "Иртыш" жана "Шахтёр" футболдук клубдары күч сынашты. Анда Игорь Никитиндин шакирттери тайпалык баскычта "Астана" футболдук клубунун үстүнөн 2:0 эсебинде жеңишке жетип, Тажикстан курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан. 3-турда Кыргыз футболчулар "Иртыш" футболдук клубу менен кездешип тилекке каршы 0:3 эсеби менен жеңилип, топтогон упайлары аркылуу коло медалдар үчүн күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды.
3-орун үчүн беттеште Кыргыз курамасы СДЮШОР-8 командасы менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңишке жеткенге үлгүрдү. Муну менен Кыргыз курамасы Астананын акиминин кубогу үчүн өткөрүлгөн мелдештин коло медалынын ээси болду.