Бүгүн Бельгия жана Англия футболчулары 3-орун үчүн беттеш өткөрөт

Бүгүн, 14-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин 3-орун үчүн беттеши орун алат. Оюн Бишкек убактысы менен 20:00дө башталат.

Белгилүү болгондой, беттеш Бельгия жана Англия курама командаларынын ортосунда жүрөт. Жарым финалда Белгия командасы Франциядан жеңилүү ызасын көрсө, Англия хорваттарга финалдык жолдомону алдырып жиберген.

Эң кызыгы, 3-орун үчүн беттеш кайталанма беттеш болмокчу. Себеби Бельгия жана Англия командалары тайпалык баскычта бет келип, оюн Белгиянын 1:0 эсебинде жеңиши менен аяктаган.

Кез келүү Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербург" стадионунда өтөт. Бүгүнкү оюнду миллиондогон күйөрмандар күтүп жатканы белгилүү. Социалдык тармакта аталган шаардагы соода түйүндөрүнүн биринде жашылча жемиштерден эки өлкөнүн желегин эске салган сүрөттөр жайылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Mikaaa
2018-07-14 11:56:54
Группада Бельгия уткан эми Англия утат өч алат
-3
Azat.97
2018-07-14 11:58:30
Бельгия утат коросунор го.
+5
Argen9899
2018-07-14 12:01:58
Бельгия утат
+3
Farm94
2018-07-14 12:32:29
Белгия алга
+4
voennyi88
2018-07-14 12:55:05
Албетте Бельгияга жан тартам.Себеби Англиянын оюнчулары өтө начар ойнойт.Кейин болсо болбогон нерсеге чычалап жыгыла берет.Алга улуу Бельгия эли.
+4
Altynbek-kg
2018-07-14 12:55:22
Белгия утат 3 орун.
+4
Modric10
2018-07-14 13:07:47
Бельгияга 2000 койдум.Эми женишсе экен
+2
Mikaaa
2018-07-14 13:54:35
Кеч көрөбүз да Бельгияңарды
-3
mirkaa5182
2018-07-14 13:59:51
Белгияны колдойбузго
+1
BekAmir
2018-07-14 15:25:03
Бельгия утат
+1
Tuke8686
2018-07-14 15:42:32
Олуп кетсин алар Алга Кыргыз
-2
Modric10
2018-07-14 23:19:14
2000 капчыкка таза тушту.молодцы Бельгия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан