Жакында эле сүйүктүүсүнө баш кошуу тууралуу сунуш жасаган америкалык ырчы Жастин Бибер болочок жарына кымбат баалуу белектерди тартуулап, аны кубантууну улантууда. Ал сүйүктүүсү Хэйли Болдуинге баасы 140 миң долларлык бриллиант саат белек кылды. Мындай маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.
Ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасынын "Stories" бөлүмүнө окшош бриллиант сааттардын сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле ал сааттарды атайын буюртма менен жасатканын билдирген. Бир сааттын баасы 140 миң долларды (9 миллион 563 миң 717 сом) чапчыйт.
Баса, бул сааттардын наркы Хэйли Болдуиндин колундагы шакегинин жанында арзан эле болуп калат. Анткени Жастин Бибер буга чейин сүйүктүүсүнө бриллиант көздүү шакек тартуулаган. Шакектин баасы 500 миң доллар (34 миллион 156 миң 134 сом) экендиги айтылган.
Эске салсак, Жастин Бибер Багам аралында эс алып жүргөндө модель, алып баруучу Хэйли Болдуинге шакек тагып, баш кошуу сунушун жасаган.