Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасы кулап, бир адам астында калып калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, “Байкал” шахтасындагы кырсык тууралуу маалымат 14-июль күнү саат 12:30да келип түшкөн.
"Кулаган шахтанын алдында 3 адам эмес, 1 адам калып калган. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө. Урандынын алдында калган адамдын абалы белгисиз", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Басма сөз кызматы кошумчалагандай, учурда окуя болгон жерде 11 куткаруучу иштеп жатат.