Сүлүктүдө шахтанын алдында калган адам каза болуп калган

Сүлүктүдө шахтанын алдында калган адам каза болуп калган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 1981-жылы туулган Исфана шаарынын М.Д. аттуу тургуну болгон.

"Кырсык орун алган жерде көмүр шахтасы басып калган жаранды издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада анын жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, бүгүн, 14-июлда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасы кулап, бир адам урандынын астында калып калган. Кырсык болгон жерде жалпысынан 17 куткаруучу издөө иштерин жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aigulu
2018-07-14 18:25:02
Жайы жаннаттан болсун, жакындарына сабыр берсин.
+7
aibars
2018-07-14 19:34:39
Жараткан Аллах Таала оз мээримине алсын, жаны бейиштен орун алсын, жакындарына сабыр.
+5
Zamka79
2018-07-14 20:30:03
Жаткан жери жайлуу болсун
+5
Meni_unut
2018-07-14 20:41:12
Жайы жанаттан болсун
+4
monster_high_98
2018-07-15 10:04:11
Ушул шахтёрлорлуктан аябай корком, кантип озулору коркпой иштээр экен
0
senchi
2018-07-15 16:43:17
monster_high_98,уй булоосун багыш керек болсо киресин сен деле

0
aida007
2018-07-16 11:06:18
monster_high_98,Уй-булосун багам деп Айла жок иштейт да корксо да тобокелге салып ((((мен ушундайларды уксам аявай журогум ооруп жаман болом....эээ Аллах жакындарына сабыр озуно бейиш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан