Англиялык "Челси" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп Маурицио Сарри дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар клубдун расмий сайтына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Маурицио Сарри "Челси" клубу менен 3 жылдык мөөнөткө келишим түзгөн.
"Биз күйөрмандарыбызга мыкты футбол көрсөтөбүз. Биз титул үчүн күрөш жүргүзөбүз, клуб ошого татыктуу", - деген жаңыдан дайындалган машыктыруучу.
Ошол эле учурда клубдун директору Марина Грановская Маурицио Сарринин келишин кубануу менен кабыл алганын, алдыда машыктыруучудан көптөгөн жакшы ийгиликтерди күтөрүн белгилеген.
Маурицио Сарри буга чейин италиялык "Наполи" клубунун оюнчуларын машыктырып, Италия чемпионатында 2 күмүш, 1 коло медалды багындырууга жетишкен.
13-июль күнү "Челси" клубу мурдагы машыктыруучусу Антонио Конте менен келишимди токтоткон. 2017-2018-жылы "Челси" футбол клубу өз чемпионатын 5-орун менен аяктаган.