Бельгия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынып, команданын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө биринчилиги соңуна чыгып калды. Бүгүн, 14-июлда "Санкт-Петербург" стадионунда коло байгелер үчүн күч сынашкан Бельгия менен Англия курама командаларынын беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алып, беттештин башкы калысы Алиреза Фагани болот.

Айта кетсек, бул командалар тайпалык баскычтын 3-турунда беттешкен, анда Бельгия курама командасы Аднан Янузайдын голу менен жеңишке жеткен.

19:40. Бельгия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Тибо Куртуа ("Челси", Англия).
  • Коргоочулар: Тоби Алдервейрелд ("Тоттенхэм", Англия), Венсан Компани ("Манчестер Сити", Англия), Тома Менье ("ПСЖ", Франция), Ян Вертонген ("Тоттенхэм", Англия);
  • Жарым коргоочулар: Насер Шадли ("Вест Бромвич", Англия), Кевин де Брюйне ("Манчестер Сити", Англия), Эден Азар ("Челси", Англия), Юри Тилеманс ("Монако", Франция), Аксель Витцель ("Тяньцзинь Цюаньцзянь", Кытай);
  • Чабуулчулар: Ромелу Лукаку ("Манчестер Юнайтед", Англия).

19:45. Англия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Жордан Пикфорд ("Эвертон").
  • Коргоочулар: Киран Триппьер, Дэнни Роуз ("Тоттенхэм"), Харри Магуайер ("Лестер"), Фил Жонс ("Манчестер Юнайтед"), Жон Стоунс ("Манчестер Сити").
  • Жарым коргоочулар: Эрик Дайер ("Тоттенхэм"), Фабиан Дельф("Манчестер Сити"), Рубен Лофтус-Чик ("Челси");
  • Чабуулчулар: Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити"), Гарри Кейн ("Тоттенхэм").

19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Бельгиянын гимни жаңырат.

19:56. Англиянын мамлекеттик гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.

20:00. Алиреза Фагани беттешке старт берди. Топту оюнга алгач Бельгия курамасы кошту.

20:01. Топту англиялыктар өзүнүн карамагына өткөрүп, кыска пас алмашуу аркылуу чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

20:02. Эрик Дайер бельгиялыктардын айып аянтчасына чыгаруу жасап, ийгиликтүү болбой калды.

20:03. Г-о-о-о-о-о-л! Мёнье Шадлинин айып аянтчасына узатылган чыгарып берүүсүнө жетишип таамай сокку менен эсеп санын ачты.

20:05. Бельгиялыктар атаандашын жогорку кысымга алып, аларды чабуулга чыгарбай жатат.

20:06. Триппьер айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок топту коргоочулар тосуп алганга жетишти.

20:07. Де Брюйне менен Лукаку топту өзүнүн карамагына өткөрүп тез контр-чабуулга чыкканга үлгүрдү. Де Брюйне айып аянтчага кирип келип, Лукакуга чыгарган тобун коргоочулар тосуп алышты.

20:08. Гарри Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар айып сокку аткарышат.

20:09. Айып соккуну аткарган Киран Триппьердин айып аянтчага узатылган чыгарып берүүсү таамай болбой, топту Куртуа алып койду.

20:10. Рахим Стерлинг алыстан сокку узатып, ийгиликтүү боло алган жок.

20:11. Кевин Де Брюйне бельгиялыктардын контр-чабуулун улантып, айып аянтчанын ичинен узаткан соккусун Пикфорд тосуп алганга жетишип калды.

20:12. Азар коргоочуларды алдап өттү, бирок сокку узатканга жетишпей калды.

20:13. Фабиан Дельф айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, таамай болгону менен топту Куртуа тосуп алды.

20:14. Лофтус-Чик айып аянтчанын ичинен топту дароо дарбазага багыттады. Сокку кубаттуу болбой Куртуа топту кыйынчылыксыз тосуп алды.

20:15. Ромелу Лукаку жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Ал айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып дарбазачы менен бетме-бет кез келди. Бирок Пикфорд дарбазасынан чыгып, Лукакуга сокку узатканга мүмкүнчүлүк берген жок.

20:17. Фабиан Дельф айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишпей калды. Коргоочулар топту тартып алганга жетишти.

20:18. Лофтус-Чик айып аянтчага кирип Кейнге чыгарып берүү жасаган, бирок коргоочулар топту талаадан сырткары чыгарганга жетишти.

20:19. Триппьердин бурчтан чыгарган тобун англиялыктар дарбазага багыттады. Бирок Куртуа топту кыйынчылыксыз тосуп алды.

20:22. Гарри Кейн мыкты мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Айып аянтчанын ичинен Стерлинг Кейнге топту чыгарып берип, Кейн дароо сокку узатты. Сокку таамай болбой, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

20:23. Стерлинг алыстан сокку узатып, таамай боло алган жок.

20:24. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бельгия курамасы 40 пайыз, Англия - 60 пайыз.

20:25. Соккулар боюнча статистика: Бельгия - 2, Англия - 6.

20:27. Тилеманс алыстан сокку узатып, топту коргоочулар кайтарганга жетишип калды.

20:28. Мёньенин айып аянтчага чыгарып берүүсү ийгиликтүү болгон жок.

20:31. Бельгиялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, акырындык менен чабуулга чыгууда.

20:33. Эден Азар кооптуу абал жаратты. Ал айып аянтчанын ичинен сокку узатып, бирок аны Роуз тосуп алганга жетишти.

20:34. Шадли жеңил жаракат алып, оюн убактылуу токтотулду.

20:35. Шадли медициналык жардамды оюн талаасынын сыртынан алып, калыс беттешти улантты.

20:37. Де Брюйне айып аянтчага чыгаруу аткарып, бирок топко алгач коргоочулар жетишти. Бельгия топту бурчтан чыгарат.

20:38. Насер Шадли жаракаттан улам оюнду уланта албай, анын ордуна оюнга Томас Вермален кошулду.

20:39. Топту бурчтан Азар чыгарып, бирок таамай боло албай калды. Рахим Стерлинг командасын контр-чабуулага чыгарды. Азырынча алар ийгиликсиз.

20:42. Акыркы мүнөттөрдө топко бельгиялыктар көбүрөөк ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

20:44. Де Юрюйне сокку узатып, коргоочулар мыкты оюн көрсөтүштү.

20:45. 1-таймдын негизги убактысы аяктап, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

20:46. Лукаку өзү жалгыз 4 коргоочуга туш келип, дароо сокку узатты. Анын соккусун коргоочулар тосуп алды.

20:47. Калыстын ышкырыгы менен 1-тайм аяктады.

21:00. Фагани 2-таймга старт берди.

21:04. Жон Стоунс оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.

21:09. Бельгия курамасында оюнчу алмаштыруу орун алды. Ромелу Лукакунун ордуна оюнга Дрис Мертенс кошулду.

21:15. Азар айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көрүп, коргоочулар топту талаадан сырткары чыгарып салды. Бельгия топту бурчтан чыгарат.

21:17. Азар топту бурчтан чыгарып, коргоочулар кайрадан топту талаадан сырткары чыгарып салды.

21:18. 2-ирет аткарылган бурчтан чыгарууну Дрис Мертенс аткарып, ийликтүү боло алган жок.

21:21. Гарри Кейн алыстан сокку узатып, бирок топ коргоочуларга тийип калды. Англиянын чабуулу уланат.

21:25. Эрик Дайер айып аянтчанын сыртынан сокку узатып таамай боло албай калды. Топ коргоочуларга тийип талаадан сырткары чыгып кетти.

21:28. Компани оюн эрежесин бузуп, англиялыктар айып сокку аткарат.

21:30. Айып соккуну Киран Триппьер аткарды. Айып аянтчага чыгарылган топко алгач бельгиялык коргоочулар жетип, топту оюн талаасынан чыгарып салышты. Англия топту бурчтан чыгарат.

21:34. Харри Магуайер айып аянтчага чыгарылган топко биринчи болуп жетип, башы менен сокку узатканга жетишти. Анын соккусу таамай болбой, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

21:36. Магуайер сары айып кагазын алды. Учурда топ бельгиялыктардын карамагында.

21:37. Бельгия курамасында оюнчу алмаштыруу: Муса Дембеле Юри Тилемансты алмаштырды.

21:38. Тома Мёнье айып аянтчанын ичинен мыкты соккусу менен айырмаланса, Жордан Пикфорд дарбазасын жогорку чеберчиликте тосуп калганы менен айырмаланды.

21:41. Г-о-о-о-о-о-л! Эден Азар эсеп санын 2:0 кылды. Ал өнөктөшүнүн чыгарып берүүсүнөн кийин Пикфорд менен бетме-бет келип, таамай соккусу менен эсеп санын алмаштырды.

21:42. Англия курамасында оюнчу алмаштыруу. Деле Алли Рубен Лофтус-Чиктин ордуна оюнга кошулду.

21:44. Венсан Компани атаандашынан топту тартып алып, командасын тез контр-чабуулга чыгарды. Эден Азар оң канаттан чабуулду улантып, анын Де Брюйнеге аракет кылган чыгаруусун коргоочулар тосуп кетти.

21:47. Беттештин негизги убактысы аягына жетип, калыс 3 мүнөт кошуп берди.

21:50. Кевин Де Брюйне сол канаттан айып аянтчага топту чыгарып, коргоочулар тосуп алганга жетишти.

21:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Бельгия курама командасы 2:0 эсеби менен утуп алды.

21:52. Бул жеңиш менен Бельгия курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээлеп коло медалды тагынды. Бельгия курама командасы бул медаль менен команданын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

3-орун үчүн беттеш: Бельгия-Англия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Argen9899
2018-07-14 19:50:51
Бельгия Бельгия Бельгия
+6
Acord
2018-07-14 21:53:36
Урааа бельгия алга
+2
Potriot.KGstan
2018-07-14 22:07:22
Эртеге Франция утат...
"Менин оюмча..."
-2
Munar8625
2018-07-14 22:48:29
Potriot.KGstan,эртеге харваттар утат 2 1
+1
monster_high_98
2018-07-15 10:00:49
Munar8625,Тушунорду сууга айткыла
0
Zulya2
2018-07-14 23:29:14
Potriot.KGstan,мен да ошентип ойлоп жатам
+1
tolkun9090
2018-07-14 22:48:52
Хорватия утат
+4
altyn7776
2018-07-15 01:03:07
tolkun9090, ута албайт
0
mirkaa5182
2018-07-14 22:58:38
Айтым эле Белгия утат деп, азамат Белгия...
+3
Mikaaa
2018-07-14 23:14:40
Франция Хорватия 0:1
0
Modric10
2018-07-14 23:17:52
2000есть ураа
-2
Acord
2018-07-14 23:23:23
Хорваттар утат
+3
Farm94
2018-07-14 23:30:40
Хорватия алгаа
0
salimbek87.kg
2018-07-15 00:27:02
Эртең финалда көрөсүңөр хорватия кубокту алат буйруса алга хорватия
0
Meni_unut
2018-07-15 02:01:34
Хорватия утса экен эми
-1
ArgenMers
2018-07-15 02:10:29
Франция жыртып алат коросунорго
+1
vikidiki
2018-07-15 05:34:50
Хорватия деп башынан бери ойлогом. Хорватия утат го менимче.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан