Бүгүн, 15-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин финалдык оюну болот. Финалда Франция жана Хорватия курамалары кез келет.
Маалым болгондой, финалдык оюн бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Москва шаарындагы 80 миңден ашык күйөрманды батырган "Лужники" стадионунда орун алат.
Франция курама командасы Аргентина, Уругвай, Бельгияны артка калтырып келген болсо, финалга чыгуу үчүн Хорватия Англия, Орусия, Дания командаларын жеңген.
Финалдык оюндун башкы калысы аргентиналык Нестор Питана, ал эми жардамчы калыстары Эрнан Майдана, Хуан Белатти, кошумча калыс катары голландиялык Бьорн Кюйперс болмокчу.