Түркиялык белгилүү ырчы Таркан 46 жашында ата болду

Түркиялык белгилүү ырчы, продюсер Таркан 46 жашында биринчи жолу ата болду. Ырчынын сүйүктүүсү Пынар Дилек Германиядагы төрөт үйлөрдүн биринде көз жарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, музыкант социалдык тармактагы жеке баракчасына ымыркайдын сүрөтүн жүктөп, "12-июлда кыздуу болдум. Кызыбыз биздин жашообузга жарык нур чачты. Азыркы сезимдерибизди сөз менен айтып жеткире албайбыз" деген билдирүү жазган. Түгөйлөр кызына Лия деген ысым ыйгарган.

Белгилей кетсек, ырчы Таркан Бильге Өзтүрк менен 7 жыл мамиле кургандан кийин эки башка жолго түшкөн. 2011-жылы Пынар Дилек менен мамиле куруп, 5 жылдан кийин баш кошушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
NURTILEK_KG
2018-07-15 12:02:37
Аялы аябай сулуу экен
+7
Kymbatym
2018-07-15 12:28:35
Балалуу болгонго азы 20жыл кеч калган го эмне болсода өмүрүн берсин
0
rejepova
2018-07-15 12:48:31
Турктор журо беришетко уйлонбой
+1
Nevestkaa
2018-07-15 14:45:33
Асуга окшош го аялы.
+4
Ajara_13
2018-07-15 18:53:28
Бешик боосу бек болсун❤
+3
Kirajsjk
2018-07-15 20:23:32
Tarkan din irlari aiabai jagat.olkosundo azirkiga cheyin irlarin tajabai uguwat
0
Kunbeken
2018-07-16 13:44:55
красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан