Өзбекстандагы бала бакчалардын биринде тарбиячы 6 жаштагы кызга ысык шорпо төгүп алган

Өзбекстанда бала бакчанын тарбиячысы 6 жаштагы кызга ысык шорпо төгүп алды. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат агенттиктери Мектепке чейинки билим берүү министрлигине таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя түшкү тамактануу учурунда болгон. Анда тарбиячынын жардамчысы каршы келе жаткан кызды байкабай, ага чалынып, мискейдеги ысык шорпону төгүп алган. Анын кесепетинен 6 жаштагы кыздын бети 2-3-даражадагы күйүк алган. Окуя болгондон кийин бала бакчанын кызматкерлери "Тез жардам" кызматын чакырган эмес. Ошондой эле тиешелүү мекемелерге кайрылган эмес.

Бул окуядан кийин бала бакчанын тарбиячысы жумуштан алынган. Учурда бала бакчадагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
titanik32
2018-07-15 16:28:01
Кабардын автору ысык шорпону 6 жаштагы кызга качан төгүп алган былтырбы?же төгүп алдыбы кечээ бүгүн.Төгүп алган эмес төгүп алды болбойбу.
-2
Majit1975
2018-07-15 16:36:47
titanik32,былтыр болсо керек да
0
kazakov1991
2018-07-15 17:35:55
titanik32,откон чакта болуп жатат , тогуп алган деп жазылатта,тогуп алды деп жазгыдай коруп турган жок кабарчы
+7
Majit1975
2018-07-15 17:43:45
kazakov1991,ошо качан төгүп алган
-3
Shahrizaada
2018-07-16 12:18:27
Majit1975,убакты -саатын билип не кыласынар? Качан болсода болуп отту,окунучтуу!
0
Dembele84
2018-07-15 16:37:23
Супер инфо ушу башка жактын жанылыктарын жазганда,"жазып чыгышты"-деген создон башка соз да колдонгулачы сураныч!Уже ушу соз нервиме тийчу болду окуганда)))
+6
monster_high_98
2018-07-15 17:08:08
Атайын кылбагандыр
0
aszyma
2018-07-15 21:43:41
Ошода суроту кана. Кайсы маалда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан