1962-жылы 16-июлда Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Григорий Лепс Сочиде төрөлгөн. Улуту - грузин.
Толук аты-жөнү Григорий Викторович Лепсверидзе.
2011-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.
Григорий Лепс "World Music Awards", "Песня года", "Золотой Граммофон" ж.б. сыйлыктарына арзыган.
2017-жылдын сентябрь айында "Жаңы толкун" фестивалынын алкагында Тимати менен "ТыЧегоТакойСерёзный" жана Ирина Аллегрова менен "Лебединая" деген эки ырын угармандарына сунуштаган.
Ушул эле жылдын 29-сентябрында iTunes'тин толкунунан Лепстин Максим Фадеев менен биргеликте аткарган "Орлы или вороны" аттуу ыры жаңырган.
16-ноябрда чыккан жаңы альбомуна кирген "Что ж ты натворила" деген ыры үчүн Григорий Лепске "Золотой Граммофон" ыйгарылган.
2018-жылы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Биринчи каналдын" Жаңы жылдык түнүндөгү эң популярдуу жана көптөн күткөн ырчы аталган. 2018-жылы февраль айында чыккан "Зае... рожи" аталышындагы акыркы альбомуна кирген ырлардагы сөгүнгөн сөздөрдүн көптүгү сынчылардын сынына туш болду.
Григорий Лепс 2012-жылы жарык көргөн "Лондон" аталышындагы ырында Лондонго кетүүнү эңсейт, бирок бүгүнкү күнгө чейин Орусияда жашаганына канааттанып келет.
16-июлга карата жылнаама.