15-июль күнү футбол сүйүүчүлөрүнө 1 ай бою мыкты эмоцияларды, кайталангыс көз ирмемдерди тартуулаган Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды.
Дүйнө биринчилигинин финалдык беттешинде иргелип чыккан Франция жана Хорватия командалары кез келип жеңүүчү аныкталды. Анда Франция курамасы 4:2 эсебинде атаандашын утуп Дүйнө чемпиону аталды.
20 жылдан кийин кайталанган Дидье Дешам башында турган Франция улуттук курама командасынын жеңишин оюнчулар, өлкө башчысы жана бүтүндөй Француз эли ири масштабда белгилөөдө.
Бул жеңиштин урматына көз жоосун алган салют атылып, француздардын майрамдык маанайына шаң кошту.