ЭЛДИК ВИДЕО: Социалдык тармакта кыргызча ыр окуган орус кызы талкууга алынууда

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Шайлообек Дүйшеев - "Эне тилин унуткандар" чыгармасынын үзүндүсү" аталышындагы видео жүктөлдү. Видеодо орус улутунун кызы абдан берилүү менен, эч катасы жок ыр саптарын эркин айтып жатканын байкоого болот.

Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, алтургай ырларды окуган кыздын аты Анжелика Асанова.

"Бул видеону жазганыма көп убакыт болду. Видеонун тарыхы Юрий Бобковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорунан башталат. Тагыраагы, долбоорго катышып жатканда тарткам. Ушул жергиликтүү телеканалдардын бирине чыккандан кийин Фейсбук социалдык тармагына да тараган. Колдонуучулар тарабынан жакшы кабыл алынгандыктан, Инстаграмдагы баракчама чыгарып койдум", - дейт ал.

Кошумча маалымат: Анжеликанын атасы немис улутунан. Ал эми таятасы татар, таенеси орус улутунан болот. Анжелика таятасынын фамилиясын алып жүрөт. Документте улуту орус деп жазылган.

Анжелика Асанова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ailo
2018-07-16 12:11:56
Азаматсын)
+1
monster_high_98
2018-07-16 12:54:32
Киргизкаларга Караганда акцент жок,так окуп берген, кыргыз болуп туруп мен дагы мындай айта алмак эмесмин,азамат!Улгу болчулардан экен!
+2
DAKS
2018-07-16 19:51:06
мен орусча ыр ырдап жанылмач айтсам чыгарат беле???
Кыргыздар деле олду дегенде 2 тилди билишет.
КЖда жашаган башка улуттун окулдору ошол элдин тилин билиш керек
0
Blackmoon
2018-07-16 22:54:38
DAKS,туура айтасын башка улуттар деле Кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан