Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 15-июлда саат 17:00 чамасында катталган.
"5 жаштагы Акбермет таенеси менен Ош шаарына караштуу Озгур айылына конокко келген. Ал каналдын жээгинде ойноп жаткан учурда кароосуз калган. Наристенин ата-энеси ажырашып кеткендиктен, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан", - деди басма сөз кызматы.
"Ош шаардык милициясы Ош шаарынын тургундарын жана конокторун сууга түшүүдѳ коопсуздук чараларын кѳрүүгѳ чакырып келет. Ошого карабастан ата-энелеринин, жакындарынын шалаакылыгынан сууга түшүү сезонунда балдардын сууга чѳгүп каза болгон 3 учуру катталды" деп кошумчалайт маалымат катчы.