"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-15-июль күндөрү Аксы районунун Кара-Суу айылында орун алган "Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын жеңүүлөрү аныкталды.

"Тандоо турунан тандалып алынган 16 акын жогорку деңгээлдеги айтыш курушту. Күмөндөр Абылов, Садак Алахан, Шайырбек Абдрахманов, Зайырбек Ажыматов, Олжобай Шакир баш болгон калыстар тобу алардын ырынын көркөмдүүлүгү, төкмөлүк шыгы, тапкычтыгы, аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданиятына көңүл буруп жеңүүчүлөрдү аныктады", - дейт Маратов.

Калыстардын тандоосу боюнча баш байгени Кубат Тукешов, 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Изат Айдаркулова, 3-орунду Абдылда Нуралиев ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nariste...12
2018-07-16 13:16:11
Керемет Аксы жери! Жаратылыштын кооздугу коз жоосун алат.
+1
madina.87
2018-07-16 19:37:53
Эмнеге Идирис Айтибаев жок!!!
Эмнеге аны катыштырбай жатасыңар?
-1
Boha1
2018-07-16 21:22:54
Алга Саяк
-1
Kroxa
2018-07-17 03:57:20
ХХХХХХХХХХ качан жуктошот коруп бир кубанып калалы..
0
admin_superstan
2018-07-17 09:44:54
Kroxa,
Бул видеохостингди, курамы окшош сайттарды жарнамалоого тыюу салынган! 5 күн БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан